Биз менен байланышыңыз

Бишкекте стол тенниси боюнча турнир өттү

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 913 | 0

7-ноябрда Бишкекте балдар үйүндө, интернатта, атайын балдар борборлорунда тарбиялануучулардын арасында арасында стол тенниси өттү. Бул тууралуу Стол тенниси ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага жалпысынан 6 мектептен, кыз жана балдардан түзүлгөн 80 окуучу катышты. Оюн 7-11 жаштагы кыздар жана балдар, 12-17 жаштакгы кыздар жана балдар арасында болуп, 4 категорияда өткөрүлдү.

Командалык эсеп боюнча 4 категорияда тең биринчи орунду №71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатынын окуучулары ээледи. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чара “Жаңы мүмкүнчүлүктөр” кайрымдуулук фонду, Стол тенниси ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM