Биз менен байланышыңыз

Кытай менен АКШнын өкүлдөрү 9-ноябрда жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 525 | 0

9-ноябрда Кытай менен АКШ бийлигинин өкүлдөрүнүн жолугушууусу өтөт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

“2+2” форматындагы расмий жолугушууга Кытай тараптан Компартиянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ян Цзечи жана улуттук коопсуздук министри Вэй Фэнхэ катышуусу күтүлүүдө. Ал эми Вашингтондон мамкатчы Майк Помпео менен Коргоо министри Жеймс Меттис катышмай болду.

Тараптар эки жактуу саясий-экономикалык мамилелерди жана соңку кездери катталып жаткан чек ара чырларын талкуулайт.

Эске салсак, бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы 2014-жылдан берки экинчи гана сүйлөшүү болот. Андан бери эки тараптын бири-бирине койгон санкциялары жана Түштүк Кытай деңизиндеги чыр чатактар алардын бир арага келип, сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болуп келген.

Ушул жылдын сентябрь айына белгиленген жолугушуу да жогорудагы себептерден улам жылдырылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM