Биз менен байланышыңыз

Кышка даяр эмес унаалар артка кайтарылууда

Коом | 8 Ноя 2018 | 973 | 0

Транспорт жана жолдор министрлиги стратегиялык мааниге ээ жолдордо жүргөн айдоочуларды унааларына кышкы дөңгөлөк тагууга чакырат. Ошол эле учурда жанына кышкы күйүүчү май жана чынжыр да салып жүрүүгө үндөйт. Бул иш-чара жол тыгынын жоюу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоого үчүн жасалып жатканын министрлик белгилейт.

Ушул күндөрү Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашууда Транспорт жана жолдор министрлиги уналарды текшерип өткөрүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдирди. Анын маалыматында, ашууда тыгын жана авариялык кырдаалды азайтуу үчүн транспорт каражаттарынын кышкы дөңгөлөк, күйүүчү май жана тайып кетүүгө каршы чынжырлары текшерилип жатат.

-Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында акыркы убактарда унаа тыгыны пайда болгондуктан министрлик, ИИМ жана ӨКМ бирдиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ага ылайык, жолдорго чыгып жаткан автоунаалардын кышкы дөңгөлөгү, соляркасы, тайып кетүүгө каршы чынжырлары барбы деп өткөрүү пунктарында текшерүү башталды. Бул жол коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан текшерилип жатат.   Акыркы убакта жүк ташыган унаалар чынжыры жок ашууларга чыгып барып, жолдо жана галерияларда туруп калып, жол тыгындарын эки тараптан тең түзүшүүдө. 

Мындан улам министрлик айдоочуларды узак жолго чыгууда аба-ырайын карап, керектүү каражаттар менен камсыз болууну суранат. Маалым болгондой бул күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында аба ырайы өзгөрүп, суук түштү. Тоолорго кар жааган.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов бир-эки күн мурун эле Ош-Бишкек жолу аркылуу өлкөнүн түштүк аймактарына иш сапары менен барып келгенин айтат. Анда биринчи кар жааган күндөрү жол убагында тазаланбаганын сындады. Ал эми айрым айдоочулар унаасын кышка даярдабай башкалардын да өмүрүнө коркунуч жаратып келет дейт.

-Чет өлкөдө унааларга кышкы дөңгөлөк тагылганын текшерүү практикасы кеңири жайылган. Бул бизде да калыптануусу керек. Анткени унаасы жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөр алыска чыкканда жакшы жүрө албай тыгынды пайда кылышууда. Кыргызстанда совет убагында кышкы дөңгөлөк деген нерсе жок болчу. Азыр акырындан көпчүлүгү колдоно баштады.

Бүгүнкү күндө тиешелүү министрлик алыскы жолдордо кар тазалоочу техникалардын баары толугу менен даярдыкта турарын белгилейт. Мындан тышкары кум, туз чачуучу техникалар да даяр. Кышында көчөлөрдү кардан тазалоо, тайгакка кум, туз себүү иштери ар бир райондун жол башкармалыгынын жумушчулары тарабынан да жүргүзүлөт.

Оор жүк ташуучулар ассоцияциясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев министрликтин унааларды кышка карата даярдыгын текшерүү аракетин кубаттайт. Анын айтымында, көпчүлүк айдоочулар кайдыгерликке салып, кышка кам көрүшпөйт. Мындан улам жол кырсыгы көп катталат.

-Министрлик чара көрүп текшерип жатканы абдан туура. Айдоочулардын жоопкерчиликсиз кылып жаткан мамилесинен кийин унааларды текшергени туура эле. Бул жол коопсуздугун камсыздоо деген иш-чарага кирип калат. Мына бирөө бирөөнү күнөөлөбөшү керек. Мындай аракет айдоочулардын да коопсуздугун камсыздоо да болот.

Белгилей кетсек, «Сосновка» жана башка көзөмөл өткөрүү пунктарында унаалар текшерилүүдө. Талап кылынган буюмдар жана кышкы дөңгөлөгү жок унаалар артка кайтарылат.

Copyright © 2017 Maral FM