Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоо менен ооруган балдарга кошумча 3 бөлмө ачылат

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 848 | 0

Республикалык диагностикалык борбору жаш балдарды кабыл алуу үчүн 3 бөлмө ачууну көздөйт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо мниистрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Курч кармачу респиратордук түрү жана сасык тумоо күчөп турган учурда жаш балдарды кабыл алуучу бөлмөлөр ишке кирет. Ошондой эле медициналык мекемелерде бейтаптарга жардам көрсөтүү чаралары күчөтүлөт.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун үй-бүлөлүк медицина борбору бейтаптардын үйгө чакырууларын саат 16:00го чейин кабыл алат.

 

Copyright © 2017 Maral FM