Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Тажрыйбасы жок адамдар министр болууда

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 1012 | 0

Өкмөттүн курамын бекитип жатканда премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев октябрда  жаңы структура алып келерин айтып, сөз берген. Бирок келген жок, министрлер алмашууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бийликте тажрыйбасы жок адамдар министр, жетекчинин орун басары болуп дайындалууда.

«Азамат Жаманкулов мыкты жигит, жакшы продюссер болушу мүмкүн. Бирок Маданият министрлигине туура көргөн жокмун. Жаш бала улгайган чыгармачыл адамдар менен кантип иштешет, билбейм. Ал «Евровидениеге» барып биринчи орунду алып келген болсо түшүнөт элем. Жаманкуловго алгач бир-эки тапшырма берип иштеткенде жакшы болмок. Кадрлар кызматка кантип дайындап жатканын да биле албай жатам», — дейт Масалиев.

Эл өкүлү буга кошумча, Орусияга башка долбоорлорду берип кызыктырса Жогорку Нарын ГЭстер каскадын курмай болгон «Русгидро» боюнча маселе чечилип калышы мүмкүн экенине токтолду.

«Орус тарап бизди сотко берсе албетте утат. Орусия үчүн 37 млн доллар эч кандай каражат эмес. Биздин өкмөт орус өкмөтү менен сүйлөшсө болмок. Бирок сүйлөшө албай жатат. Орусия менен негизги экономикалык маселени чечүү зарыл», — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш узап, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM