Биз менен байланышыңыз

Аскарбек Шадиевдин мандаты алынды

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 939 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы парламент депутаты Аскарбек Шадиевдин мандатын алды. Мекеменин маалыматында, бүгүн, 2-ноябрда БШК Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алды.

Анын мандаты партиялык тизме менен Эрмамат Тагаевге берилди. Ага күбөлүк жана төш белгиси тапшырылды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге карата ачылган кылмыш иши сотко өткөрүлгөнүн кабарлаган.

Анын ишин кароо 5-ноябрга белгиленди. Отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтөт.

Эске салсак, Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган. Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM