Connect with us

Дем алыш күндөрдөгү узак уйку эмнеси менен пайдалуу?

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 4731 | 0

Шведдик, италиялык жана кытайлык окумуштуулар биргелешип дем алыш күндөрдөгү узак уйку зыян дегенди четке кагып, изилдөө жүргүзүшкөн. Бир аз ашыкча уктоо пайдалуу экени Journal of Sleep Research журналында жарыяланган макалада айтылат.

Көпчүлүк дем алыш күндөрү көп убактын уктап же жөн гана төшөктө жатып коюп өткөргөнүнөн улам өздөрүн ыңгайсыз сезишет. “Кечке уктайсың” деген сыяктуу жеме менен өздөрүн сындашат.

Стокгольм жана Каролин институттарынын окумуштуулары мындай ойдон арылууга  көмөктөшөт. Алар 43 миң адамга 13 жыл бою изилдөө жүргүзүшкөн, андан соң узак уйку эрте өлүм коркунучун төмөндөтөт деген жыйынтыкка келишкен.

Окумуштуулар көп жашоо үчүн узак уйкунун мааниси чоң деп баса белгилешет.

  • Күн сайын 6-7 сааттан гана уктап жүргөн адат карыган кезде ден соолукка терс таасир этет. Апта бою 6 гана саат уйку менен жүргөндөр эрте өлүмгө кабылуучулардын тобунда болушат. Ал эми ишемби жана жекшемби күнү ашыкча уктагандарга узун өмүр сүрүүгө шарт түзүлөт.
  • Апта ичиндеги кыска уйку эгерде дем алыш күндөрү узак уйку менен айкалышса, өмүрдү кыскартпайт. Бул нерсе ден соолуктун чың болушуна өбөлгө болот. Ошондуктан апта ичиндеги канбай калган уйкунун ордун дем алыш күндөрү узак уйку менен толуктап туруу зарыл.
  • Изилдөөдө 65 жаштан жогорку катышуучулардын аз уктоосу өмүрүнүн узактыгына таасир этпестиги айтылган. Анткени алар пенсия курагында болгондуктан, апта ичи да, дем алыш күндөрү да каалашынча уктай алышат. Мындан тышкары узак уйкуга болгон талап жаш өткөн сайын азая баштайт.

Business Insider интернет сайты эксперттерден сурамжылоо жүргүзгөндө, алар балансты сактоо керектигин белгилешкен. Анда илимпоз Элис Фэйсер-Чайлдс апта ичиндеги жетишсиз уйкуну дем алыш күндөрү узак уйку менен айкалыштырып, ошол эле учурда режим сакталууга тийиш деп билдирген.

Анын айтымында, кеч ойгонгондон караганда кечинде эрте уктоо жакшыраак. Апта ичи жумушка эртең менен барып жүрүп, ал эми дем алыш күндөрүн 3 саат ашыкча уктап коюу адамды жакшы эс алдырып коёт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM