Биз менен байланышыңыз

Атыканов: Бишкекте 700 айдоочу жетишпейт

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Ноя 2018 | 641 | 0

Борбор калаа боюнча калкты коомдук транспорт менен тейлөөдө 5-10 пайыздык жетишпестик бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекке 700 айдоочу жетишпейт. Айдоочулардын айлыгы тапкан каражатына жараша төлөнөт. Ар бир айдоочу — инвестор болуп эсептелет.

«Административдик кодекске жаңы шарт кирип жатат. Транспорт министрлигинин алдындагы агенттик бизге жардам берип иштеши керек. Мэрия көзөмөл органы эмес, айдоочулар жол эрежесин бузса милиция карайт. Айып тулду да мамлекеттик органдар салат. Коомдук танспорттор жалпы танспорттун 2-3 пайызын гана түзөт. Алар тыгын жаратса милиция кызматеткерлери менен бирге караш керек», — дейт Атыканов.

Ал өкмөт алмашкан сайын программаларды ишке ашыруу үзгүлтүккө учурап жатканын да кошумчалайт.

Атыканов белгилегендей, коомдук транспорттун санитардык абалын ишканалар карайт. Маршруттук таксилердин линиялары сатылбайт, аны Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы бекитип берет.

«Каттам бөлүштүрүлгөн. Линиялар шаардык кеңештин токтомунун негизинде берилет. Айтсак, айдоочулардын техникасы жаңы болушу керек. Биз жазалоочу орган болбогондуктан маршруттук таксилерден линияны тартып алуу маселесин койдук», — дейт Атыканов.

Маалыматка ылайык, шаарда маршруттук таксилерди караган 41 фирма бар. Алдыда фирмалардын саны кыскарышы мүмкүн. Анткени маршруттук таксилер акырындык менен автобуска алмашат. Бирок автобус алып келүү ири акчаны талап кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM