Биз менен байланышыңыз

Атактуулардын таң калыштуу 9 адаты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 1125 | 0

Эл арасында «байлар кымбат машиналар, хан сарайдагы шаан-шөкөттөр, яхта жана менчик учактары бар» деген сыяктуу стереотиптер калыптанган. Бирок азыр бул түшүнүктөр өзгөрүп, капчыгы калыңдардын айрымдары жупуну жашап жүрсө, айрымдары дагы башка адаты менен таң калтыра баштады. Анда эмесе, дүйнөдөгү атактуулардын өзгөчө жашоо образдарына токтололу.

Тим Кук

Apple компаниясыннын башкы директору, активдүү жашоо образын сүрүп, спорт менен машыгып, социалдык тармактарда убактын аз өткөрөт. Эң эле таң кала турган адаты, эртең менен саат 3:45те ойгонот. Жумушка барардан мурда почтасын текшерип, кол алдында  иштегендерге кат жазат. Андан соң спортзалда машыгат.

 

Марк Цукерберг

Банктык эсебинде миллиарддаган каражат болгонуна карабастан, Facebook компаниясынын негиздөөчүсүнүн адаты өзгөргөн эмес. Гаваиде үйү, менчик учагы болсо да, ал жумушка Volkswagen Golf  жана Honda Fit унаалары менен каттайт. Бизнесмендин эң эле таң калыштуу адаты дайыма бир гана түрдө кийинип жүрөт. Анын гардеробу окшош джинсы жана футболкалар менен толтурулган. Цукербергдин пикиринде, бул нерсе кийим тандоо маселесинен арылтып, дагы да маанилүү иштерге убакыт бөлүүнү шарттайт.

 

Джек Ма

Джек Ма- Alibaba интернет-аянтынын негиздөөчүсү, Кытайдын эң бай адамы. Анын каржылык абалы үч маал тамакты, мыкты шириндиктерге жетип турса да, ал бат даярдалуучу кесмелер менен тамактанат. Дал ушул тамакты ал 20 жылдан бери жеп келет.

 

Уоррен Баффет

Белгилүү америкалык ишкер күн сайын 6 саат убактысын гезит жана компаниясынын отчётторун окуу менен өткөрөт. Китеп окуу адаты Баффетте жаш кезинен калыптанып баштаган. Ал жаңыдан гана акча таап баштаганда, күнүнө 600-1000 беттен китеп окуган.

 

Ричард Брэнсон

Virgin Group компаниясынны негиздөөчүсү демократтык мүнөзү, саякаттоого болгон ынтызарлыгы, классикалык костюмдарды жактырбаганы менен өзгөчөлөнөт. Ал спорт ышкыбозу, кайт, серфинг, теннисти жакшы көрөт. Физикалык активдүүлүк үчүн күнүнө 4 саат убактын бөлөт.

 

Сергей Брин

Google компаниясын түптөөчүлөрүнүн бири, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында турат. Бирок азык-түлүктөрдү, буюмдарды арзан баада саткан дүкөндөрдөн алат. Анын айтымында, ата-энелери ага кичине кезинде кымбат эмес нерселер менен да бактылуу боло билүүнү үйрөткөн.

 

Опра Уинфри

Медиамагнат жана алгачкы кара терилүү миллиардер аял, тартипти бекем сактап келет. Уинфринин айтымында, 40 жылга жакын чипсыга көз каранды болуп келген. Бир күнү ал бул нерседен арылуу үчүн жаңы адат ойлоп тапкан. Ал чипсынын баштыгын ачып, 10 даана жегенден кийин жаап коюп, эркинин күчтүүлүгү менен көз карандылыгын жойгон.

 

Джефф Безос

Amazon интернет компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси 2018-жылы тарыхтагы эң бай адам болуп тандалган. Ишкер жаш кезинде техникаларды оңдогонду жактырган, жада калса, Принстон университетинде электроинженер адистигине окуган. Учурда миллиардердин аны менен алектенгенге убакыты жетпей, бирок ушул багыттагы түрдүү долбоорлорго каражат которуп келет. Мисалы, акыркы жолу кеминде 10 миң жыл иштечү механикалык сааттын долбооруна материалдык колдоо көрсөткөн.

 

Билл Гейтс

Microsoft компаниясынын түптөөчүсү, дүйнөдөгү бай адамдардын бири Билл Гейтс активдүү жашоо образын сүрөт. Бирок ага карабай диеталык “коласыз” жашай албайт. Бир канча жыл мурда миллиардер аталган суусундукту жумушта 3-4 банка ичерин, жылына 15 кг алюминийди утилизацияга өткөрүп берерин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM