30-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,
Ош, Жалал-Абад ,Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +16…+18 градус жылуу.