Биз менен байланышыңыз

Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

Кыска кабар , Спорт | 27 Окт 2018 | 812 | 0

Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 55 килограмм салмактагылар арасында күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жазып чыкты.

Шаршенбеков 55 килограмм салмакта күч сынашып, чечүүчү кармашта азербайжандык Элдениз Азизлиге 13:0 упай эсебинде утулуп калды.

Балбан финалга чейин үч кармаш өткөргөн.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргыз балбаны. 2006-жылы Канатбек Бегалиев финалга чыгып, бирок жеңиш атаандашына буюргандыктан күмүш байгеге ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM