Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аярлуу катмардагы калктын саны 2 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2018 | 788 | 0

Борбор калаада аярлуу катмардагы адамдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 44 800 жаран Бишкек шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат. Алардын 11 миң 700ү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ал эми 13 минден ашууну иштөөгө  мүмүнчүлүгү жок жарандар болсо калганы пенсия курагындагы карыялар. Аларга социалдык колдоо көрсөтүү үчүн республикалык бюджеттен жылына 528 млн сом, шаардык бюджеттен 355 млн сомдой каражат бөлүнөт.

«Калктын аярлуу катмарынын саны азайгандыктан аларга 2019 –жылга жергиликтүү бюджеттен  354 млн сом бөлүү каралууда. Аз камсыз болгон адамдарды көмүр менен камсыз кылуу тартиби акчалай компенсацияга өткөрүлгөн. Ага ылайык быйыл 4 миң 400дөн ашуун жаран 4 миң 280 сом өлчөмүндө акчалай компенсация алды. Бул сумма Монополияга каршы күрөшүү кызматы берген маалыматтын негизинде аныкталган», — дейт Курманбеков.

Маалыматка ылайык, социалдык колдоого муктаж адамдарга 27 категория боюнча жардамдын 24 түрү көрсөтүлөт. Акчалай компенсация, ай жана квартал сайын берилчү стипендиялар, ымыркайы бар үй-бүлөлөргө сүт азыктары да берилет. Жалгыз бой жашаган улгайган адамдарга ысык тамак жеткирүү боюнча колдоо көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM