Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: «Мегакомду» үлгүлүү ишканага айлантабыз

Күн чабыт | 25 Окт 2018 | 1245 | 0

“Мегаком” аты менен белгилүү «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору болуп депутат Акылбек Жамангулов дайындалды. Аны Мүлк фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев жамаатка тааныштырды. Акылбек Жамангулов парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты. Анын бул кызматка талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Азыркы учурда Жамангуловдун “Мегакомду” өнүктүрүү боюнча кандай конкреттүү пландары бар, ушул суроо баарына кызык болуп турат. Биз суроону Акылбек мырзанын өзүнө узаттык.

Марал: Сизди эң алгач бул жооптуу кызматка дайындалышыңыз менен куттуктайбыз. Өзүңүз билгендей, “Мегаком” компаниясы өлкөдөгү маанилүү, экономикага олуттуу таасир эте турчу объектилердин бири. Сизге бул сунуштун түшкөнү күтүүсүз болдубу? Кандай кабыл алдыңыз?

Акылбек Жамангулов: Албетте, мындай сунуш мен үчүн күтүүсүз болду. Бирок абдан чоң жоопкерчилик экенин түшүнүп жатам. Анткени «Мегаком» мамлекеттик бюджетке ири салымын кошо турган мекеме. Анын үстүнө 100 пайыз мамлекеттик ишкана. Ошондуктан буюрса, бул мекеменин ишмердүүлүгү боюнча чоң өзгөртүүлөрдү жасайбыз.

24-октябрдан тарта ишти баштадым, бүгүн эртең мененки саат 07.00дөн бери жумуштамын.

Байланыш системасы, IT технология дүйнө жүзүндө эң алдыңкы катардагы бизнеске айланууда. Ошол себептен бул компаниянын келечеги абдан чоң.

Марал: Бирок сиздин байланыш тармагында тажрыйбаңыз жок экени айтылып жатат. Чыны менен ишти жөндөп кете турчу, “Мегакомду” көбүрөөк киреше таба тургандай денгээлге жеткирүү планыңыз барбы?

Акылбек Жамангулов: Негизи уюлдук байланыш тармагынын жетекчиси сөзсүз эле бул тармактын адиси болушу керек эмес. Менин оюмча, ар бир эле коммерциялык мекеменин жетекчиси менеджер болушу керек. Анын үстүнө биздин компаниянын үстүнөн караган Мүлк фонду бар, өкмөт бар. Алар өзүнүн баасы берет болушу керек.

Пландарым жөнүндө айтсам, реалдуу айтканда “Мегакомдун” азыркы абалы киреше жагынан жыл сайын төмөндөп бара жатыптыр. Эми уюлдук байланыш рыногундагы “Мегакомдун” ордун жогорулатуу иш-аракетин жумшайбыз. Бул жердеги коллектив көп жылдан бери иштегендер. Алар менен чогуу бир топ жакшы долбоорлорду киргизгенге аракет кылабыз.

Марал: Өкмөт буга чейин “Мегакомду” сатпаса баасы төмөндөп кетет, убакыт өткөн сайын киреше да түшпөй калат деп айтып келген. Анан туруп эле сатылбай турган болду. Буга чейин айтылган коркунучтар дагы деле барбы?

Акылбек Жамангулов: Менин жеке оюмча, кирешелүү, бюджетке салым кошуп жаткан мамлекеттик мекемени сатууга кажет жок. Болгону ишкананын кирешесин көбөйтүү керек. Мамлекет дагы бизнести жакшы алып бара алат дегенди көрсөтүүбүз керек. Себеби бүгүнкү күндө мамлекет бизнести жүргүзө албайт деген стереотип калыптанып калган. Бирок ошол эле учурда, коңшу Өзбекстан, Беларусия, Түркмөнстан, Тажикстанда мамлекеттик мекемелердин баары гүлдөп, өсүп иштеп жатат. Ошондуктан биз дагы 100 пайыз мамлекеттин үлүшүндөгү компанияны үлгүлүү ишкана катары элге тартуулайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM