Биз менен байланышыңыз

Бакир уулу: Азыр түрмө, ооруканаларды кыдырган акыйкатчы жок

Без рубрики , Пикирлер | 24 Окт 2018 | 1114 | 0

Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы болуп иштеп турган беш жылда 160 миң адамдын ар бир үчүнчүсүнүн укугун коргоп бергенин айтты. Ошондой эле ал түрмөлөрдү, ооруканаларды кыдырып чыкчу.  Ал «Марал» радиосуна берген маегинде учурда акыйкатчы абактарга барып, ал жактагы жарандар менен иш алып барбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, түрмөлөрдү кыдырып, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюу керек.

«Азыр да кайрылган адамдарга колдон келишинче жардам берип, кеңешимди айтам. Акысыз иштеримди жасап жүрөм. Социалдык түйүндөрдү активдүү колдоном. Ар бир суроого жооп берем. Фейк аккаунттар менен кыжырга тийгендер да бар. Бирок мен сынды көтөрө алам. Агрессивдүү эмесмин, бирок каяша айтам», — дейт Бакир уулу.

Ал буга кошумча, жума күнүн эс алуу деп жарылоо маселесин 1996-жылдан бери айтып келе жатканын, аны эл өкүлү болуп турганда парламентте да көтөргөнүн белгиледи.

«Бирок көп аял алууну мыйзамдаштыруу керек деген эмесмин. Мен мыйзамдын чегинде гана иш алып барам. Андан сырткары аялдарга, кыздарга милдеттүү хиджап кийгизиш керек деген эмесмин. Болгону алардын да укугун коргогонмун», — дейт Бакир уулу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM