Биз менен байланышыңыз

«Газпром» Кыргызстанга 30 млрд сомдон ашык инвестиция салган

Кыска кабар , Сүрөт | 24 Окт 2018 | 1179 | 0

«Орусия — Кыргызстандын экономикасынын эң башкы инвестору. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Газпром» компаниясы курган Нарын шаарындагы жаңы спорт комплексинин ачылышында айтты.

Ал Орусия менен Кыргызстандын тагдыры да, тарыхы да бир экенин, келечекте биргеликте ишке ашырчу көптөгөн долбоорлор бар экенин белгиледи.

Президенттин айтымында, «Газпром» компаниясы Кыргызстандын экономикасына 30 млрд сомдон ашык инвестиция салган, бюджетке салык түрүндө 42 млрд сомдон ашуун каражат төлөгөн. Ошондой эле 10 миңге жакын адамды жумуш менен камсыз кылган. Азыркы кезде 960 окуучуга эсептелген заманбап мектеп куруп жатат.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин Кыргызстандын аймагынын 60 пайызы газдаштырыла турганы айтылды.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын башкы директору Болот Абилдаев Кыргызстанда 9 ден соолукту чыңдоочу комплекс курулганын маалымдады. Жалпысынан 16 спорт комплекси курулат.

 

Copyright © 2017 Maral FM