Биз менен байланышыңыз

Султаналиев: 37 млн доллар жерге көмүлүп кетти

Пикирлер | 23 Окт 2018 | 827 | 0

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында курулган нерсенин баары талкаланып бүттү. 37 млн доллар жерге көмүлүп кетти. Ошондуктан бул маселени тез арада караш керек. Мындый пикирин КРнын Эмгек сиңирген энергетиги Мырзатай Султаналиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт «РусГидро» компаниясы боюнча сүйлөшүү жүргүзүшү керек болчу. Орусия бардык жагынан Кыргызстанга жакын. Андыктан сүйлөшүү жолу менен «РусГидронун» карызын төлөө мөөнөтүн узартса болот.

«Электростанция жасалган жумуштарды убагында кабыл алыша керек болчу. Бирок кыргыз тарап көзөмөл кылбагандыктан 35 млн доллар же андан аз каражат кеткен деп айта албайт. ГЕСти курууда ишкана өзү билгендей иштеди. 10 адам баарын карап отурган. Анын бешөө биздин энергетиктер. Менин  байкашымча алар эч нерсе чече алган эмес. Ошондой эле сатып алууларда да көзөмөл болгон эмес. Ошондуктан кыргыз тараптын да күнөөсү бар», — дейт Султаналиев.

Ал Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууда баалар жогору көрсөтүлгөнүн айтып, долбоорду болжол менен 400 млн долларга ишке ашырса боло турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, «РусГидро» сөз болуп жаткан эки энергетикалык объектини курмак. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган. Орусия каскаддагы курулушка 37 миллион доллар жумшап жибергенин, Кыргызстан бул акчаны кайтарып бериши керектигин айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM