Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: ГЭСтерди орус тарап курганы жакшы

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2018 | 948 | 0

Тартип орносо, көзөмөл катуу болуп, мыйзамдар так иштесе ГЭСтерди кура алабыз. Ал үчүн президент да көзөмөлдөшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга 50 ГЭС куруп, электр энергияны экспорттоого болот.

Эл өкүлү Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келчү инвестор Орусиядан келиши мүкүн экенин айтып, улуттук кызыкчылык, коопсуздук үчүн ГЭСтерди орус тарап курганы жакшы болорун белгиледи.

«Электр жарыгын колдонууну автоматташтыруу зарыл. Каражат түгөнсө жарык дароо өчөт. Техникалык жоготуу 15 пайыздан ашпашы керек. Ал эми бизде ал 30% болуп жатат. Бул тармакка инвестиция келсин десек электр энергиянын тарифин этап-этабы менен алгач ишканаларга, мүмкүнчүлүгү барларга көтөрүш керек. Элдин турмушу оңолгондо элге да көтөрүү зарыл», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлү электр энергиясы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда арзан экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM