Биз менен байланышыңыз

Вашингтон Борбордук Америка өлкөлөрүнө жардамды токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 831 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Борбордук жана Латын Америка өлкөлөрү Гондурас, Гватемала жана Сальвадорго берип келген материалдык жардамдарды токтотоорун жарыялады. Мунун себеби аталган өлкө бийликтери АКШга карай келе жаткан миңдеген эмгек мигранттарынын көчүн токтотпостон, мыйзамсыз жолдор менен чек араларынан өткөрүп жаткандары болуп эсептелет.

6-ноябрда өтө турган сенаттын төмөнкү палатасын, кээ бир штат, шаарларда губернаторлорду тандай турган “аралык шайлоолорунун” алдында чыккан миграция көйгөйү үчүн Трамп Демократиялык партияны күнөөлөдү. Аларга: “Шайлоону унутпагыла”,-деп эскертти.

Эске сала кетсек, Латын Америкадагы эң жакыр өлкө болгон Гондурастан миңдеген мигранттар топтолуп, Американы көздөй жол алышкан. Алар Гватемала жана Мексиканы кесип өтүп, АКШ чегине жакындоодо.

Президент Трамп бир нече ирет өлкө бийликтерине аталган мигрант кербенин артка кайтаруусун талап кылган менен, жолдогулар макул болушкан эмес. Анткени мекениндеги жумушсуздук жана ачкачылык аларды өз үйлөрүн таштап, жумуш издеп чыгууга мажбур кылган. Жолдо кербенге кошулгандар болуп, кербен бир нече топко бөлүнүүгө аргасыз болушту. Алардын саны болжол менен 5 миңдин тегерегинде экени айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM