Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Атамбаев менен Жогорку Нарын ГЭСи боюнча чатакташканбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2018 | 700 | 0

Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келишимди денонсация кылбай турганда азыр ГЭСи курулуп бүтүп калмак. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган ГЭС каскадын куруу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 2010-жылы ГЭСтин курулушуна 15 млн доллар сарпталып, калганы уурдалганын аныктаган. Сатылып алынган тетиктердин балаары 3 эсеге кымбат көрсөтүлгөн. Ал эми ГЭС салынчу жер кокту болгондуктан чыгымдар нормага караганда аз болмок.

Маалыматка ылайык, энергетиктер жашаган турак жайлардын ар бир чарчы метри 1300 доллардан айланган. Бул нормадан 4-5 эсе жогору. Топурак төшөп суу сепкен жолу Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунан кымбат болгон.

«Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу тарых музейинин, ЖЭБдин аналогу болду. Депутаттык комиссия текшерип чыкканбыз. Атамбаев менен чатакташкан жагдайдын бири да ушул ГЭС. Атамбаев ошондо «мага ор казып жатасың» деген. Икрамжан Илмияновду мамлекетке аралаштырба деп жатып чатак башталган. Ошондо жарака кеткен», — дейт Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM