Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: «Русгидронун» иштери боюнча Бөкөнбай Казаковдон сураш керек

Пикирлер | 23 Окт 2018 | 604 | 0

«Русгидро» компаниясынын иштери боюнча Ош облусунан прокурору Бөкөнбай Казаковдон сураш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анына Айтымында, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууда коррупциялык иштер болуп жатканы боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына арыз түшкөн. Аталган кызмат ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жазган.

«Атамбаев ак да, көк да дебегендиктен, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы унчукпай калган. Президентте бул маселени Сапар Исаков карап жүргөн. Эмне үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы президентке кат жазган? Бул боюнча Казаковдон сураш керек. Себеби ошол учурда аталган кызматты Казаков жетектеп турган. Мындан сырткары президенттик аппараттын үн катпай койгонуна караганда, аларда да кызыкчылык болгон», — дейт Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш узап, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM