Connect with us

Депутат: «Лиглассты» токтоткону үчүн жарандык коомго ыраазычылык билдириш керек

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 664 | 0

«Лигласс» компаниясын иликтеп чыкканы үчүн ЖМКларга, жарандык коомго ыраазычылык билдириш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Чехиялык компания келгенде мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков карандай калпты айтпады беле? «Лигласс» келип экинчи жолу тоной турганда жарандык коом токтотуп калды», — дейт Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, «РусГидро» сөз болуп жаткан эки энергетикалык объектини курмак. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган. Орусия каскаддагы курулушка 37 миллион доллар жумшап жибергенин, Кыргызстан бул акчаны кайтарып бериши керектигин айтып келет.

Ошондон кийин 2017-жылы жай айында чехиялык «Лигласс» компаниясы менен келишим түзүлүп, бирок ал келишимди да Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM