Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Атамбаевдин Орусияга сапарында саясий боёк болот

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 998 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапарында саясий боёк болот. Себеби Кыргызстанда болгон нерсени дүйнөлүк коомчулук байкап турат. Атамбаев ыңгайсыз нерселерден качып, андай жерге барбайт. Андыктан сапардын саясий түсү сөзсүз болот. Мындай пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин Орусияда бир нече достору бар.

«Икрамжан Илмиянов Москвадан кармалып жатат. Атамбаев мүмкүн барып таарынычын, «силер айтпадыңар беле, бизден кармалбайт дебедиңер беле» деген сөзүн айтар. Ал адатынча тегерек столдо да бир нерсе деп сүйлөп коюшу мүмкүн», — дейт Бекназаров.

Белгилей кетсек, Атамбаев 24-27-октябрда Москва шаарында өтө турчу саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышат. Анда Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттериндеги алдыңкы партиялар экстремизмге каршы күрөш жана эл аралык маселелерди талкуулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM