Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Бийликке жардам берүү оюм бар

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 712 | 0

Менин бийликке жардам берүү оюм бар. Бирок мендей иштеген кишини 6 айдан ашырбайт. Мындай пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кызматта көбүрөөк отуруш үчүн президенттин үй-бүлөсүнүн айткандарын карап, угуп туруш керек.

«Бирок мен уга албайт экем. Ошондуктан өлкө башчынын үй-бүлөсүнө эмес, мамлекетке кызмат кылам дегендер көбөйсө экен деп жатам. Мен ойлойм көбөйөбүз. Ар бир президент келгенде урук-тууганы менен өзүм билемдик кылбашы үчүн укуктук мамлекетти курушубуз керек. Менин күрөшүм ушул. Ошондуктан Бакиев менен 5 ай иштешсем, Атамбаев менен 1 ай дагы иштеше алган жокмун. Азыркы бийликтен мага кызмат сунушталса карап көрөм», — дейт Бекназаров.

Ал белгилегендей, эл эркиндикти сүйгөндүктөн өлкөдө күчтүү жарандык коом курулган. Эл мыкты, бийликке көз каранды болбой иштеп жатат. Бирок мамлекет өтө жаман, коркунучтуу, күчсүз, кедей.

«Мен максатыма жете элекмин. Кыргызстан бир үй-бүлөнүн кулу болбой, укуктук, демократиялык мамлекетке жетишибиз керек. Мен түрмөдө жатканда да «буга бул аздык кылат» дегендер болгон. Саясатта жүргөн киши ушундай сөздөрдү дагы көтөрө билиши керек», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM