Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Атамбаев жалгыз эмес

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 1071 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге аны колдоп турган Фарид Ниязов бар. Мындай пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө социалдык топ бийликке ким келсе, ошого өтө качат. Чыныгы атуулдук, ар намыс, жигитчилик жокко эсе. Бул жагдайды алып караганда Атамбаев жалгыз калышы мүмкүн.

«Бирок Атамбаевде жеке сапаты бар. Анда харизма бар. Атамбаев саясий күрөштө такшалган саясатчы. Анда тажрыйба мол. Эми күн өткөн сайын Жээнбековдон да көңүлү калгандар көбөйөт. Кызмат албагандар келет, реформа кыла албай жатасың дегендер чыгат», — дейт Бекназаров.

Ал белгилегендей, камакта жаткандардын айрымдары акталып кетиши ыктымал.

«Эмне үчүн Бабановдун ишин карабайсың, ал качып жүрө береби дегендер чыгат. Ушундай кырдаалдын баары Атамбаевдин пайдасына оойт. Атамбаев тынып жатып, бир күн жыландай чагып алышы мүмкүн. Ошондуктан Жээнбеков ачык саясатын жүргүзүп, командасын аныктап, жасачу реформасын элге тезирээк айтышы керек», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM