Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Сотторду президенттин үй-бүлөсү аныктап жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2018 | 564 | 0

Президент козголгон кылмыш иштери тууралуу айтпай, коррупциялык системаны жоё турган реформаларды жүргүзүшү керек. Мындай пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы коррупциядан түшкөн акчанын санын эсептебей, аны азайтууну көздөшү керек.

«Президенттин, соттордун ЖК депутаттарынын жоопкерчилигин кароо зарыл. Бүгүн алардын укуктары гана бар. Сотторду президенттин үй-бүлөсү аныктап жатат. Реформаларды баштоо үчүн элден «башкаруунун кандай түрүн каалайсыңар?» деп суроо зарыл болчу. 28 жылдан бери эч ким элден сураган жок. Сотторду тандоо кеңешин парламентке берип коррупцияга жол ачып койдук. Азыр муну бузуш керек. Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү башташы зарыл эле», — дейт Бекназаров.

Ал буга кошумча, коррупция менен күрөшүү — укук коргоо органдарынын күнүмдүк иши экенин белгилеп, аны менен тынбай күрөшүү зарыл экенин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM