Биз менен байланышыңыз

Трамп Кытай лидери Си Цзиньпинь менен жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 598 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпинь 26-ноябрда Аргентинада өтчү G20нын саммитинде жолугушат. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Wall Street Journal басылмасы бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты. Ага ылайык, Буенос-Айресте өтө турган саммитте эки тараптуу сүйлөшүү жүрүүсү күтүлүүдө.

Соңку кездери ортодогу соода согушунун жүрүүсү менен мамилеси болушунча солгундап кеткен эки держава муну менен бардык тармакта мамилелерин курууга аракет кылышмакчы.

Бирок серепчилердин айтымында бул жолугушуудан сууп калган мамилелерди оңдоп кетчү деле жыйынтыкты күтпөө керек. Себеби буга чейин бири-бирине каршы ташталган кадамдар артка кетүүсү бир топ убакыт алчу иштер болчу. Ошентсе да, диалог учун аянтчанын табылганы жакшы көрүнүш экенин белгилешет алар.

Эске сала кетсек, бири-биринен калышпаган соода чабуулдарынын айынан эки тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуулары бир нече жолу орун албай калган. Дүйнөнүн экономикалык лөктөрү болгон G20 нын саммити алардын жолугушуу жери болмокчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM