Биз менен байланышыңыз

Европа мамлекеттери өлтүрүлгөн саудиялык журналисттин өлүмүнүн чоо-жайын талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 1083 | 0

Англия, Германия жана Франция бийлиги Сауд Аравиясынан белгилүү журналист Жамал Хашокжи элчиликте кантип өлтүрүлгөнүн ачыктап берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу Би-би-си түрк кызматы маалымдады.

Аталган өлкөлөр Саудиянын маалыматындагы “жаңжалда өлдү” дегени ишенимсиз экенин айтып, так маалыматтарды ачыктоону талап кылышты.

Үч мамлекеттин орток билдирүүсүндө:

Эч бир шылтоо бул кылмышты актай албайт. Биз муну эң аесуз түрдө жектейбиз! Сауд бийлиги кылмышкер такталганга чейин окуянын чоо-жайын майда-баратына чейин ачыктоосун талап кылабыз жана күнөөлүү тиешелүү жазасын алуусун каалайбыз!”,-деп айтылат.

Ушундай эле билдирүүнү АКШ президенти Дональд Трамп да билдирип, “жаңжал учурунда өлдү” деген жүйө ишенүүгө жетишсиз экенин айткан болчу. Бирок жаза катары Сауд Аравиясына сатып келген курал соода-сатыгын токтотуп-токтотпосун сурагандарга курал сатууну токтотуу Саудияга караганда АКШга көбүрөөк зыян алып келерин билдирген. Финансы министри Мнучин дагы курал сатууну токтотууга али эрте экенин эске салган.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган журналисттин өлүмү тууралуу Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал бул окуя боюнча билдирүүсүн 23-октябрда айтаары күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, саудиялык бозгун, америкалык The Washington  Post гезитинин журналисти Жамал Хашокжи 2-октябрь күнү Стамбулдагы Аравия элчилигине кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Түркия полициясы буга Сауд бийлигин күнөөлөгөнү менен алар четке кагып келишкен. Окуя эл аралык мүнөз алган соң гана Сауд Аравиясы анын элчилик ичинде чыккан чатакташуудан улам каза болгонун айтып чыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM