Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Элде президентке болгон үмүт азайды

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 625 | 0

Элдин президентке болгон үмүтү азайды. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун дагы бир жарым жылдык убактысы бар.

«Ар бир президент коррупция менен күрөшөм деп айтат, бирок андан жыйынтык чыкпайт. Бүгүнкү күндө эч кандай реформа болгон жок. 1 жылда кайсы мамлекет менен инвестициялык келишим түздүк? Акыркы жылда өлкөгө канча инвестиция келди деген сыяктуу суроолорго жооп жок. Президенттин парламентти басып алганы калппы? Жээнбеков кайрадан эле Атамбаевдин жолуна түшүп алды»,- дейт саясатчы.

Жээнбеков президенттин мыйзамсыз иштерин, кемчиликтерин ал бийликте турганда айтуу зарыл экенин, өлкө башчыны сыйлаган да, сындаган да адамдар болушу керектигин белгиледи.

«Бакиев, Атамбаев менен да салгылашкам. Азыркы президенттин да кемчилигин байкасам аны да айтам. Жээнбековдун туура эмес жагы да болуп жатат. Ошол эле мезгилде бир аз жылыш бар, журналисттерге мамиле өзгөрдү. Бирок жылыштар жай болуп жатат», — дейт саясатчы.

Ал белгилегендей, бардык президенттер уурдоого аракет кылат. Ошондуктан ага жол бербеген механизмдер болушу шарт. Ал үчүн жарандык коомду, ЖМКны колдоп, маанилүү институттарды жок кылбаш керек. Парламент эркин болсо уурдоолор болбойт. Мамлекетте күчтүү оппоцизия болсо өлкө өнүгөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM