Биз менен байланышыңыз

Керчтиктер: бул адам өлтүрүү эмес, теракт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 875 | 0

Крым жарым аралындагы 150 миң кишилик Керчь шаарындагы каргашага эки күн болду. Аталган шаарга өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, бардык окуу жайлар жабылып, үч күндүк аза күтүү жарыяланды. 21 адамдын өмүрүн алып, 50 чамалуу жарадар катталганын тиешелүү кызматтар билдирди. Жарадарларга кан тапшыруу борборунда кезекке туруп кан бергендердин аягы үзүлө элек. Жан кечтиге башында “терроризм” беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, кийин бул “экиден көп адам өлтүрүү” беренесине алмашты.

ЖМКларга жана социалдык желелерге жарыяланган керчтиктердин пикирлери төмөнкүдөй:

“18 жашар өспүрүмдүн ушундай жардыруучу заттарды жасашына ишенбейм. Теледен аны профессионал адам жасаган деп жатпайбы?! Сөзсүз артында бирөөлөр турат!”

“Кайдагы адам өлтүрүү!? Ал террорист да!”

“Менин таанышымдын жээни ооруканада жатат. Сөөктөрү сыныптыр. Дени сак, чымыр булчуң жигит болчу. Майып болуп калуусу ыктымал экен. Акылыма сыйбай жатат!”

“Ызы-чууда балдар башкаларга колунан келген жардамын берип жатышты. Өздөрүнүн жанын сактап качпастан, башкаларды куткарып жатышты. Бир жигит кызды тосуп жатып өзү ок жеп өлбөдүбү?!”

“Мен эч кайда бара албай жатам. Азыр үйгө кетишим керек. Бирок ал жакта да мага коркунучтуу болууда. Тынчтандыруучу дары ичтим. Баары бир бүт денем коркуудан калтыраганы басылбай жатат”

“Колледжге жакын жердеги кеңсемде жарылуунун үнү угулду. Сыртка чыксам колледждин айнек дубалы талкаланып кетиптир. Бир жарадар студенттин чыгып келатканын көрүп барсам, баары ызы-чуу түшүп, ары-бери качып жүрүшүптүр”

“Жаш бала өз алдынча мунун барын пландаганы мүмкүн эмес. Кабарлашып жаткан бирөөлөрү бар экен деп айтып жатышкан. Жалгыз болсо да, бул теракт. Адам өлтүрүү эмес!”

Copyright © 2017 Maral FM