Биз менен байланышыңыз

Бабанов парламенттик шайлоого катышабы?

Саясат | 18 Окт 2018 | 1241 | 0

Учурда коомчулукта «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келеби деген суроо талкууда. Буга парламентте аталган фракциянын депутаттарынын Бабановдун ишин калыс карап берүү боюнча президентке кайрылуусу себеп болгон. Партиялаштары Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе, мамлекетке жардамы тиет дешет. 

Буга чейин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев партиянын мурунку лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин токтотууну президентке сунуштаган. Ошондой эле фракциянын башка депутаттары да Бабановго козголгон ишти калыс кароого чакырышкан. Алардын бири Кенжебек Бокоев Бабанов Кыргызстанга кайтып келүүсү керек деп эсептейт. Анын пикиринде, президент өзү баштаган иштеринде Бабановдон жардам алса болот же ишкер катары ага жол ачып берүүсү керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-премьер-министр жана экс-спикерлер менен жолугушууну пландап жатам деп айтты. Бул жакшы демилге, мен колдойм. Ошол жолугушууга Өмүрбек Бабанов деле мурунку өкмөт башчы катары катышуусу керектигин Руслан Казакбаев айтты. Буга чейинки президент Алмазбек Атамбаев Бабановго кылмыш ишин козготуп кеткен. Коомчулукта Бабановдун кайтып келүүсүн туура көрүп жатат. Ага болбогон эле буйуртма менен эле күнөө тагып коюшту.

Серепчилердин айтымында, депутаттардын Бабанов тууралуу билдирүүлөрүнүн артында саясий кызыкчылык бар. Ал Кыргызстанга келиши мүмкүн, жадакалса келе жаткан парламенттик шайлоого да катышуусу ыктымал.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, Бабанов Кыргызстанга келип өзүнө карата козголгон кылмыш ишине жооп берип, акталган соң өз жумушу менен алектене берсин. Ошондо гана башка саясатчыларга жакшы үлгү болуп бере алат.

-Бабанов саясаттан кеттим деп расмий түрдө билдирүү жасаган. Фракциялаштарынын билдирүүлөрү анын 2020-жылда парламенттик шайлоого барыш үчүн эле болуп жаткан аракеттер. Бул үчүн тазаланып, өзүн жакшы саясатчы катары көрсөтүшү керек. Өзү билимдүү жигит.

Бирок Өмүрбек Бабановдун партиялаштары серепчилер айткан пикирлерге кошула бербейт. Депутат Максат Сабировдун айтымында, Бабанов саясатка аралашпаса да ишкерлик жактан өлкөгө пайдасы тийиши керек.

-Эми бийлик Бабановго козголгон ишти калыс карап, саясий куугунттукту жокко чыгарып берсе деген ойдобуз. Саясаттан кеткенин айткан. Кайра кайтып келсе да бул анын өзүнүн иши. Бирок бизнес тармагында анын пайдасы Кыргызстанга тийүүсү керек.

Ал эми мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун Бабановду качып жүргөн саясатчы катары сыпаттап, аны камаш керек деген ойдо.

-Менин Бабановго эч кандай думшмандыгым жок. Бирок Бабанов болобу же башкабы мыйзамдын алдында өз жазасын алуусу керек. Жээнбеков кылмыш иши козголгон адам менен кантип сүйлөшөт. Андай боло турган болсо Аскарбек Шадиев менен Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин жокко чыгарсын. Баарына бирдей мамиле болуш керек. Бабанов 600 миң шайлоочусун алдап, өлкөдөн чыгып кетти. Президент кылмыш иши козголбогон аброю бар мурунку жетечилер менен жолугам деген. 

Эске салсак, «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановго карата «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштоо» жана «Расалык, улуттук жана диндик кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул эки иштин акыркысы токтотулган.

Аны айыптоого Он-Адырдагы 2017-жылы 28-сентябрда жергиликтүүлөрдүн арасында «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деген сөзү негиз болгон. Учурда Бабанов чет өлкөдө жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM