Биз менен байланышыңыз

Шамкеев: Жерди куруучуларга бекер берип, батирлерди арзандатабыз

Күн чекит | 17 Окт 2018 | 1421 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ипотекалык насыянын пайыздык үстөктөрүн ылдыйлатуу менен гана калбастан, турак-жайлардын баасын арзандатуу чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча өткөн жыйында айтты. Эми бул тапшырма кандай ишке ашырылганы турат? Бул тууралуу “Күн чекит” программасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев айтып берди.

Өкмөт башчы турак-жайдын баасын арзандатуу тапшырмасын койду. Эми бул кантип ишке ашырылат? Үйлөрдүн наркы эмненин негизинде арзандайт?

Бул маселе кечээ биздин жыйында талкууланды. Премьер-министр өзгөчө тапшырма берди. Вице-премьер-министрге жана тиешелүү структуралар ушул жуманын ичинде карап чыгуубуз керек. Бүгүнкү күнү базар экономикалык шартта курулуш компаниялар көп кабаттуу үйлөрдү куруп сатып жатат. Алардын чыгымы канчалык көп болсо, ошого жараша батирлердин баасы дагы көтөрүлүп жатат. Азыркы күндө республиканын аймагында эң кымбат үйлөр Бишкек жана Ош шаарларында болууда. Ал эми аймактарда жаңы үйлөр салына элек. Себеби аймактагы жарандарга кымбатка түшүп жатат.

Ал эми курулуш компаниялар бүгүнкү күнгө чейин «VIP», «премиум» класстагы үйлөрдү сатып жаткан. Эми биздин программа башталгандан кийин «эконом» класстагы үйлөргө көңүл буруп сала баштайт жана  биздин жарандарга сунуштайт. Ал үчүн маселелер комплекстүү түрдө чечилиши керек. Бул жерде мэрия дагы жерди майдалап эмес көп кабаттуу үйлөргө ылайыктап берүүгө тийиш. Биздин талап боюнча «эконом» класста салынган үйлөрдөгү батирлердин аянты 80 чарчы метрден ашпашы керек. Баасы 1 чарчы метри 40 миң сомдон ашпоого тийиш. Эгер курулуш компаниялар макулдугун берсе, жарандарыбыз арзан баадагы турак үйлөрдү камсыздай башташат.  

Сиздердин сунуш курулуш компанияларга берилдиби? Буга чейин алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүңүздөрбү?

Азырынча алар менен макулдаша элекпиз. Бир апта ичинде алар менен дагы жолугушуп бир чечимге келебиз.

Болжолдуу түрдө наркты канча пайызга чейин түшүрүүнү пландап жатасыздар?

Азыр биз комплекстүү айтып жатабыз. Эгерде жерлер мэрия тараптан бекер берилсе,  батирдин баасына жердин наркы кошулбайт. Андан тышкары коммуникация жана инфраструктура мэрия аркылуу жеткирилсе, батирдин арзандашына бул дагы чоң түрткү берет. Буга кошумча заманбап курулуш технологияны колдонсо, мунун дагы баага таасири болот.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда турак-жайга болгон муктаждыктын көрсөткүчү кандай болуп жатат? Эми бул программа ишке ашса, турак-жай маселесин канчалык деңгээлде чечип бере алат?

Бүгүнкү күнү мамлекеттик ипотекалык программанын негизинде үй алабыз деген жарандар көп. Тизме боюнча программага кирген 6 миңдин тегереги. Жалпы тизмеде 13 миң жараныбыз кирип, анын ичинен 3,5 миң үй-бүлө ипотекалык насыяга ээ болду. Батирге болгон таңкыстык дагы деле жогору.

-Маегиңизге рахмат!  

Абылгазиев турак-жайдын баасын арзандатууну тапшырды

 

Copyright © 2017 Maral FM