Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев турак-жайдын баасын арзандатууну тапшырды

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 1120 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ипотекалык насыянын пайыздык үстөктөрүн ылдыйлатуу менен гана калбастан, турак-жайлардын баасын арзандатуу чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча өткөн жыйында айтты.

Бүгүнкү күндө «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттаган.

Абылгазиев билдиргендей, мындан аркы каржылоо үчүн 2018-жылдын аягына чейин кошумча 500 млн сом табылган. Бирок бул каражат дагы эле жетишсиз. Ошондуктан бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздаган ипотекалык насыялоонун таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн сунуштарды бир жумалык мөөнөттө деталдуу талкуулоо жүргүзүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM