Биз менен байланышыңыз

Президент Айдарбековду Тышкы иштер министри кылып дайындады

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 661 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чыңгыз Айдарбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Тышкы иштер министри болуп дайындалды.

Бүгүн, 17-октябрда Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү колдогон. Абылгазиев Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин тандаганынын себебин түшүндүрүп, ал жөнүндө Япония парламентинде жакшы пикирлер айтылганын белгиледи. Ошондой эле, жаштыгына карабай дипломаттар арасында аброю бар экенин айтты.

Эске салсак, буга чейинки Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өз арызынын негизинде иштен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM