Биз менен байланышыңыз

Айтиев: АРИСтин долбоорлору өз деңгээлинде иштеп жатат

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 564 | 0

“АРИС” агенттигинде 52 инженер жумуштан кеткен жок, экөө гана арызын жазып берди. Калган инженерлер иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин  директору Бекболот Айтиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, АРИСте жалпы 265 кызматкер бар. Алардын 79у борбордук кеңеседе иштейт. Ал эми инженерлердин саны 36ны түзөт.

 «Жалпы 23 киши арыз жазып, экөө арызын кайра алды. Аларды эч ким куугунтуктаган жок. Мындай кадамдар мүмкүн менин жумушка койгон талаптарым жакпай жаткандыктан болуп жаткандыр.  Жамаат сүйлөшүп алышканы ачык. Мурда АРИСте иштеп кеткендерди кайра жумушка алып келет экенсиз деген доомат да болду. Бирок эч ким ишке алынган жок. Конкурска катышууга баарынын укугу бар» — дейт Айтиев.

Анын айтымында, долбоорлордун жетекчилери АРИСте иштебей турганын айтып арыз жазышкан. Бирок түшүндүрүү иштеринен соң айрымдар жазган арызын кайра алууда. Аталган мекеменин долбоорлору өз деңгээлинде иштеп жатат.

«Кызматкерлерди чакырып жумуштан кетүүнүн кажети жок экенин түшүндүрдүм. Дүйнөлүк банк менен маселе бар. Алар кадрлар жумуштан кетсе, долбоорлордун аткарылуусуна таасир тийбейби деп сурап жатат. АРИСтин ички абалын жөнгө сала алабыз. Мыкты координаторлорду чакырып, сүйлөшүп жатам», — дейт Айтиев.

Буга чейин укук коргоочулар жана эл өкүдөрү «Ала-Тоо булагы» программасы үзүлтүккө учуроо алдында турганын белгилеп, АРИСке жаңы дайындалган аткаруучу директорго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, жумуштан кеткендердин саны өсүп жатканын айтып чыгышкан.

Мындан улам эл аралык донорлор таза суу үчүн каражат бөлүүнү токтотоорун АРИСтин байкоочу кеңешинин мүчөлөрү эскертишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM