Биз менен байланышыңыз

Президент Кадр кызматынын директорун кабыл алды

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 963 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда аткарылган иштердин натыйжалары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Өлкө башчы мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүү, улуттук резервдин иш механизмин иштеп чыгуу, КРнын  Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын реформалоо маселелерин карашын эске салды.

Ошондой эле мамлекеттик кызматка кесипкөй кызматкерлерди тартуу, алардын карьералык өсүшүн камсыздоо үчүн ачык сынактарды өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Аны менен катар статс-катчылардын институтун жакшыртууну кошумчалады.

Ал эми Акрам Мадумаровдун айтымында, кадрлардын улуттук резервин түзүү боюнча биринчи этап аягына чыккан. 2018-жылы сынакка 715 адам катышып, тандоонун негизинде кадрлар резервине 35 адам өткөн.

Кошумчалай кетсек, Мадумаров 2019-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, райондук жана облустук жетекчилер жана ошондой эле жогорку мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окуу баштала тургандыгын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM