Биз менен байланышыңыз

Аширбаев: 1 млн 29 миң тоннадан ашык көмүр казылып алынды

Пикирлер | 16 Окт 2018 | 686 | 0

Учурда өлкө боюнча 1 млн 29 миң тоннадан ашык кара алтын казылып алынды. Анын 884 миң тоннасын түштүктөгү ишканалар тарабынан камсыздалган. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Аширбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдиди.

Маалым болгондой, өкмөттүн токтомуна ылайык, 2018-2019-жылы өлкө үчүн 2 млн 300 миң тонна көмүр даярдалышы керек. Республика боюнча 630 көмүр капмасы иштеп жатат.

Аширбаевдин айтымында, көмүрлөр лабораториялардан текшерүүдөн өтүп, талаптарга жооп берсе гана сатыкка чыгарылат.

«Мамлекеттик ишкана түндүктө жайгашкан ишканалардын 45 пайызын кара алтын менен камсыздады. Эл Кара-Кеченин көмүрүн көп алышат. Казактардын кара алтыны биздин көмүргө салыштырмалуу кымбат. Бааларды базар таразалайт. Көмүр жетиштүү. Отун базаларынын даректери биздин ишкананын расмий сайтында илинип турат», — дейт директор.

Аширбаев белгилегендей, бюджеттик-социалдык мекемелерге 246 миң тонна, ошондой эле элдин керектөөлөрүнө 1 млн 83 миң тонна көмүр даярдалышы зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM