Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Коопсуз шаарга» өкмөт башчы жооп бериши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2018 | 673 | 0

«Коопсуз шаарга» өкмөт башчы керт башы менен жооп бериши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдө мындай долбоорлор иштеп жатат. Бул багытта Кыргызстан артта калган.

«Коопсуз шаардан» премьер-министр да сабак алышы керек. «Мегаком» менен «Кыргызтелекомду» бириктирип, башка жерде тажрыйбасы күчтүү бир компанияны алып келип консорциум түзүп иштетип койсо болот. Бул биздин балдардын да колунан келе турган иш. Бир топ жумуш орундары түзүлөт. Болгон маалыматтарды дагы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн сактайбыз», — дейт эл өкүлү.

Ал «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда техникалык кыйынчылык жок экенин белгиледи.

«Акча болсо дүйнө жүзүндөгү кайсы компаниялар болбосун чуркап келет. Кантип насыя алыш керектигин дагы үйрөнүп алдык. Айтор өзүбүз жасасак да болот», — дейт Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM