Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Өкмөткө персоналдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл

Пикирлер | 15 Окт 2018 | 729 | 0

Коллегиялык жоопкерчиликтен баш тартып, өкмөткө персоналдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, былтыр Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүндө ИДПнын өсүшү боюнча алдыда турган. Быйыл “Кумтөрдүн” айынан артка кетти.

«Экономиканы саясий себептер менен садага чаап жүрөбүз. “Кумтөр” боюнча парламент, оппозиция баары биригип, ачык айкындуулук менен Канадалыктар менен сүйлөшүп баарын бүтүргөнбүз. Тилекке каршы, азыр макулдашууларды сыр деп көрсөтпөй жатышат. Бирок бул бүдөмүк түрдө бүтпөйт. Ачык-айкын элге жеткирүү зарыл. Бишкекте туруп жергиликтүү кендерди иштете албай турганыбызга көзүбүз жетти. Ошондуктан кайсы жерде кен чыкса анын 30%ы жергиликтүү бийликтин колуна берилиши керек«, — дейт эл өкүлү.

Ал белгилегендей, Кыргызстан парламенттик өлкө деп айтылганы менен чечим кабыл алууда бир кишиге барып такалып калууда. Анын тегерегиндегилердин кызыкчылыгы өлкөнүн кызыкчылыгынан өйдө болуп кетүүдө.

Жапаров «Жерүй» алтын кенин «Кыргызалтын» ишканасы иштетсе болорун айтып, тилекке каршы аны дагы өздөрүнүн кызыкчылыгы менен сатып жиберишкенине токтолду.

«Эми бир жылдан бери кытайлык «Чайна роуд» компаниясы менен 680 млн жолларга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок кытайлыктар көнбөй жатат экен. Чечим кабыл алуучулар кыргыздын кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алышы зарыл», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM