Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Тышкы карыз боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2018 | 723 | 0

Тышкы карыз боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тышкы карыздар эми Жогорку Кеңеш комитетинин деңгээлинде ийне-жибине чейин изилденип чыгат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 25 жылдын ичинде 10 млрд доллардын тегерегинде карыз алган. Анын 3 млрд доллары гранттык акча. Калган 7 млрд доллар карыздын 3 млрд доллары төлөнгөн.

«Кыргыз өкмөтү бир да карызды төлөөнүн убактысын кечиктирген жок. Тышкы карызды тейлөө боюнча дүйнө жүзүндө аброюубуз жакшы. Эми карыздарды кандай алсак болот же мурунку кемчиликтерди кантип кетирбеш керек деп учурда жумушчу топ түзүлдү. Гранттар үчүн дагы атайын системаны жазып чыгалы деген оюбуз бар. Мындан ары бүт баары ачык-айкындуулук менен элге жетиши керек», — дейт эл өкүлү.

Ал белгилегендей, эгер азыркыдай абалда карыздардын кызыл чеги 100 пайыздан да өтүп кетиши ыктымал. Анда 2005-жылдагыдай трагедия болот. Өлкө банкротко учурап, өзүн-өзү тейлөө мүмкүнчүлүгү жоголот.

«Улуттук банк дагы, вице-премьер -министр дагы кепилдик берип, ар бир минисрликтер кол коюп карыз ала берген экен. Тышкы карызды 2 млрд долларга чыгарып жиберген. Биз ошондо мыйзам кабыл алып, катуу тартип киргизгенбиз. Ошондуктан 2005-2008-жылдары бир дагы кепилдикке кол койгон жокпуз. 2008-жылдын бюджетинде 1 жарым млрд сомдон ашык профицит болчу. Өкмөттүн депозитинде 4 млрд сомго жакын акчасы бар эле. Ошондо өлкөлөр кепилдиги жок эле акча беребиз деп калышкан. Түз инвестициянын көлөмү өскөн. Демек, өлкө сарамжалдуу болуп өзүнүн күчүнө ишенсе, тышкы карызды ирээттеп бир гана Финансы министрлиги алса болорун далилдеп бердик», — дейт Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM