Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Президент адашып бара жаткан көчтү туура жолго салды

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2018 | 884 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 1 жылда жакшы иштерди жасады. Ал адашып бара жаткан көчтү туура жолго салып, саясий куугунтуктар, журналисттерге болгон кысымдар токтотулду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Президент энергетика тармагындагы коррупцияны жойду. Тынчтык жолу менен бийлик алмашты. Жээнбеков Кыргызстандын 2040-жылдарга чейинки өнүктүрүү стратегиясын жарыялады. Эми өлкө башчы айткан максаттарга жетүү, аларды турмушка ашыруу боюнча планды киргизсек кийинки 5 жыл үзүрлүү болмок», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү мындан сырткары экономикага жардам берген реалдуу аракеттерге токтолду.

«Кепилдик фонддордун уставдык капиталын 1 млрд доллардан 1 жарым млрд доллага көтөрүүнү пландап жатабыз. Насыяга күрөө коюу көйгөйү чечилүүдө. Бул экономикага жардам бере турган реалдуу аракет. Кыргызстандын калкынын саны 10 миллионго жетсе өнүгүп кете беребиз. Тилекке каршы, КСДПдагы ич ара чыр өлкөнүн экономикасына терс таасирин берди», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, электрондук түрдө жарандарга 15 миллиондон ашуун маалымкат берилгенин артыкчылык катары баалып, аны менен адам баласынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM