Биз менен байланышыңыз

9 айда “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясы 5 млрд сом чогултту

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 612 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясы тарабынан 5 млрд 825 млн сом чогултулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

9 айда 4 млрд  216 млн кВтсаат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу 131 млн кВтсаатка көбүрөөк.

Бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 5 млрд 465 млн сомду түзгөн.

Төлөм чогултуу калк арасында 114,8 пайыз;

бюджеттик уюмдар – 100,5 пайыз;

башка керектөөчүлөр – 99,9 пайыз;

айыл-чарба керектөөчүлөрү — 99,6 пайыз;

жана өндүрүштүк объектилер тарабынан – 99,1 пайыз аткарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM