Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: “Ирактагы өлүм жазасына тартыла турган кыргызстандыктарды кайтарууга союздаштардан жардам сураш керек»

Күн чабыт | 12 Окт 2018 | 1309 | 0

-Тышкы иштер министрлиги Иракта өлүм жазасына тартыла турган  үч кыргызстандык тууралуу маалыматтарды топтоп жатат. Эске салсак, буга чейин Асель Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова атуу кыргызстандык жарандар “Ислам мамлекети” тобуна жолдоштору жана балдары менен кошулуп, согуш учурунда алардын жолдоштору каза болгону маалым болгон. Ал эми жубайлары терроризмге шектелип камакка алынып, өлүм жазасына тартылары айтылган. «Аларга мамлекет кандай жардам көрсөтө алат?»-деген теманын алкагында УКМКнын мурунку төрөгасынын орун басары Максат Мамытканов менен маектештик.

-Мамлекет өлүм жазасына тартыла турган жарандарына кандай жардам көрсөтө алат?

Мыйзамга ылайык, мамлекет кандай гана учур болбосун дүйнөнүн төрт бурчуна жетип болсо да өз жарандарына юридикалык жардам бериши керек. Бирок анын баары ошол мамлекеттин күчүнөн, бюджетинен көз каранды болуп калат. Анан согуш кайнап жаткан аймакта биздин мамлекеттин элчиси жок. Бирок коңшулаш мамлекеттерде бар. Мына ошолордон күчтүүлөрдү чогултуп, алар жарандардын абалын билүүгө, жардамын берүүгө аракет кылышы керек.

-Мына ошол коңшулаш элчилердин мүмкүнчүлүгү жетеби?

-Азыркы абалыбызды карап көрсөк, бере алчудай эмеспиз. Пенсияларды түзүктөп бере албай калган учурларыбыз болуп калууда. Ал эми башка, согуш болуп жаткан өлкөдө өлүм жазасына тартылат деп тургандарды алып чыгып кетиш оңой иш эмес.

-Экстремизм же терроризм менен чет жакта камалгандарды экстрадициялоого мүмкүнчүлүк барбы? Эл аралык келишимдерде кандай каралаган? Жардамдын дагы кандай жолу бар?

-Экстрадициялоо маселесинде эки тараптын келишими, сүйлөшүүсү менен болот. Биз жарандарыбызды кайтарып алыш үчүн алар койгон шарттарды аткарышыбыз керек болот. Ал эми алар бизден эмне талап кылары белгисиз. Экинчи жолу алардын жарандарынан бизде мыйзам бузгандары болсо, кармап алмашууга болот. Бул жерден камактагылар аялдар болуп жатпайбы. Эми алар согушка деле катышпагандыр. Ошондуктан биз өзүбүз алыбыз жетпесе да, союздаш, жакын мамлекеттерден жардам сурашыбыз керек. Балким Орусия көмөктөшөр. Ал күчтүү мамлекет, талап коё алат. Биргеликте сүйлөшүүлөргө барсак болот. Негизи биздин атайын кызматтар иштеп жатат. Дагы күчтөнүш керек. Бул абалдын кесепети менен күрөшпөй алдын алуу иштерин алып барса таасири дагы да күчтүүрөк болот.

-Маегиңизге рахмат.

 

Copyright © 2017 Maral FM