Биз менен байланышыңыз

Президент бир катар өлкөнүн элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 748 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда Корея, Катар, АКШ, Пакистан, Чили, Аргентина жана Замбия мамлекеттеринин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери жана Кыргызстандагы Европа союзунун туруктуу өкүлү менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдады.

Алар президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, Ишеним грамоталарын тапшырышты. Ошондой эле достук мамилени бекемдеп, бардык тармактарда кызматташуу зарылдыгын белгилешти.

Өлкө башчы аларды дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, мамлекеттердин ортосундагы мамиленин жакшырып, кызматташуунун өнүгүүсүнө бардык дараметтерин жумшарына ишенерин билдирди.

Эки тараптуу достук мамилеге, айыл чарба, туризм, өнөр жай, жаңы технологиялар жаатындагы кызматташууга олуттуу көңүл буруларын айтып, Кыргызстандын өнөктөш болууга даярдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM