Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда ШКУ өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 898 | 0

Бүгүн, 12-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды. Анда Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода күн тартибиндеги маселелерди бекитти.

Күн тартибиндеги маселелер:

-ШКУ алкагында соода-экономикалык, гуманитардык кызматташуунун абалы, келечеги жана аны өнүктүрүү;

-Долбоордук ишемердүүлүктөрдү каржылоонун механизмдери;

-ШКУнун ишкер кеңешинин ишмердүүлүгү жана банктар аралык кызматташуу;

-уюмдун 2019-жылдагы бюджети жана каржыга байланыштуу башка маселелер;

-Кийинки саммитти кайсы өлкөдө өткөрүүнү чечүү;

-жыйынтыктоочу документтерди кабыл алуу.

Расулзода уюмдун алкагында коюлган максаттарды ишке ашыруу, анын ролун жогорулатуу, жаңы документтерди кабыл алуу, экономикалык гуманитардык алаканы жогорулатуу аракеттери жөнүндө айтып, саммиттин соңунда көп тараптуу экономикалык, гуманитардык кызматташуунун жаңыланган документи кабыл алынарын белгиледи.

2003-жылы кабыл алынган документте көрсөтүлгөндөй, Шанхай кызматташтык уюмунун негизги багыттары – энергетика, транспорт, телекоммуникация, айыл чарбасы, туризм, насыя банк тармагы, суу чарбасы жана жаратылышты коргоо, ошондой эле чакан жана орто бизнес субъектилери менен түз байланыш түзүүнү камтыйт. Бул багыттардын актуалдуулугун эске алуу менен жаңыланган документти кабыл алуу керектиги белгиленди.

Айта кетсек, ШКУ өкмөт башчыларынын жыйынына Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда. Өкмөт башчыларды Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алып, саммиттин ишине ийгилик каалады.

Саммиттин алкагында Абылгазиевдин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, андан соң Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кецян менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Шанхай кызматташтык уюму Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары тарабынан 2001-жылы негизделген.

Copyright © 2017 Maral FM