Биз менен байланышыңыз

Кылычбек Султан: Мага коюлган айыптардын 90% калп

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 945 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча пикирин айтып, айтылган маалыматтардын 90% ын калпка чыгарды. Бул аракеттер каралоо максатында болуп жатканын ал өзү «Марал» радиосуна билдирди.

«Бул жерде Тышкы иштер иштер министрине коюлган айыпты көргөн жокмун. ТИМге үстүртөн айтышыптыр. Мага көп айыптарды жазышкан. Бул атайын жасалган кадамдар. Эгер Коопсуздук Кеңеши буюртмаларды аткарбай турган болсо, мен айткан адамдарды (ред: Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди) убактылуу болсо да кызматтан четтетиши керек эле. Ал эми ТИМ маалыматтарды өзү каалагандай берди. Буга президент эмне үчүн көз жумуп жатат? Мага коюлган жалаалар ТИМ менен чогуу чечиле турган маселелер болчу. Эмне үчүн коррупция тууралуу айткандарымды 6 айдан бери укпай келишти. Эми өздөрүнүн былык иштерин жашыра албай аргасыздан ушундай чечимге барышты», — дейт Кылычбек Султан.

Ал Коопсуздук кеңешинде мындай көрүнүш мурунтан бери болуп келе жатканын белгилеп, изилдөөнүн өзү мыйзамсыз болгонун айтты.

Кылычбек Султан түшүндүрмө албай туруп атын чыгарып коюшканын бир тараптуу, атайын жасалган буюртма экенин белгилейт.

«Буюртманы президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев менен Тышкы иштер минисрлиги жасап жатат. Ал эми Коопсуздук кеңеши Эсеналиевдын карамагында», — дейт Кылычбек Султан.

Элчи буга кошумча, дипломатиялык карталарды эч качан, эч ким сурабаганын, Кореяда элчи болгондуктан ал карталарды Бишкекте калтырып койгонун айтты. Ал карталарды алып койбогондугу үчүн министр Эрлан Абдылдаев менен чогуу жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 11-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын президентке тапшырышкан.

Copyright © 2017 Maral FM