Биз менен байланышыңыз

«Сосновка» өткөрүү бекетинин бюджети 2,5 эсеге өстү

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 646 | 0

Ош-Бишкек жолундагы «Сосновка» көзөмөл-өткөрүү бекетинин  системасы автоматташтырылган соң бюджети 2,5 эсеге арткан. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган посттогу  текшерүүчү шаймандар жүк ташуучу унаалардын көлөмүн аныктап, видеокөзөмөл унаалардын номерлерин аныктайт.

Мындан соң маалыматтык табелде унаанын номери жана өтүү акысы көрсөтүлөт. Айдоочулар акыны накталай акча түрүндө же банктык карта менен төлөй алышат.

Дал ушундай система августта Жалал-Абад облусундагы “Каракөл” постуна да киргизилген. Анын жардамы менен министрлик пункттарды бардык убакытта текшерип, маалымат ала алат.

Кошумчалай кетсек, министрлик Ош-Иркештам жолундагы “Кара-Тай”,  Бишкек-Ош жолундагы “Жан-Арык” постторуна да автоматташтырылган системаны киргизгени жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM