Биз менен байланышыңыз

Жолдошева: Төрт райондо жаңы сквер ачылат

Пикирлер | 12 Окт 2018 | 569 | 0

Бишкектин Ибраимов көчөсүндө кичи эс алуу зонасы ачылат. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Эльнура Жолдошева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эс алуу жайында шахмат аянтчасы жасалган. Ал Ибраимов-Москва көчөлөрүнүн кесилишкен жеринен орун алат.

Мындан сырткары мэриянын демилгеси менен 12-кичи райондо, «Жал» кичи районунда дагы кичи скверлер ачылат.

«4 райондо жаңы сквер ачылат. Тыналиев көчөсүнө отургучтар коюлат. Ошондой эле Токтоналиев көчөсүн бойлой Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин дагы жаңы көчөттөр тигилет. Көчөттөрдү тамчылатып суугаруу системасы жаңыдан ишке кирип жатат, — дейт Жолдошева.

Ал белгилегендей, шаарды жашылдандырууга техника жетишсиз. Анткени Бишкекте калктын саны өсүп, шаарга жаңы конуштар кошулган.

Маалыматка ылайык, Э.З.Гареев атындагы ботаникалык багы Улуттук илимдер академиясына тиешелүү. «Бишкек жашыл чарба» ишканасы аталган бактын кызматкерлери менен тыгыз иш алып барат.

«Бакты тазалап, керектүү техника бөлүп берүүгө даяр. Биздин баланста 160 көчө, 6 сейил бак жана скверлер бар. Ушулар менен гана чектелебиз. Бизде толук инвентаризация өткөрүлө элек. Биздин топто таланттуу адистер бар. Ландшафттык дизайнерлер алынды. Кайрылган жарандардын идеясын колдонуп, суроолоруна жооп берүүгө даярбыз», — дейт Жолдошева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM