Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө таза суу долбоору үзгүлтүккө учуроодо

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1027 | 0

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында айылдарды таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү айтылды.

Депутат Каныбек Иманалиев өлкө аймагы боюнча жүздөгөн айылдар таза суу менен камсыздалбай жаткан маалда бул багытта иш алып барган “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучу тургандыгын көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, долбоордун жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы айтор, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат. Буга байланыштуу жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадрлар иш таштап жатканы дагы бекеринен эмес. Эл өкүлү эл аралык уюмдар аталган долбоору каржылоодон баш тартышы мүмкүндүгүн чечмелеп берди.

Ал эми депутат Үмбөталы Кыдыралиев дагы “Ала-Тоо булагынын” Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарындагы ишке ашырып жаткан долбооруна жергиликтүү тургундардан көптөгөн нааразычылыктар келип жаткандыгын экинчи ирет көтөрдү. Элдин кайрылуусунда Кербенде таза суу менен камсыздоо иштери курулуш ченемдери такыр сакталбай жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM