Биз менен байланышыңыз

Сейтек Качкынбай кадрдык кризистин себептерин айтты

Пикирлер | 11 Окт 2018 | 746 | 0

Кыргызстандагы кадрдык кризис мурунтан бери бар. Болгону биз ЖМКлар аркылуу эми байкап жатабыз. Мындай пикирин коомдук ишмер Сейтек Качкынбай “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадрдык кризистин эки себеби бар. Биринчиси, структуралык себеп болсо, экинчиси, кадрларды тандоодо  мүчүлүштүктөр бар.

«Республикада жалпылап айтканда 39 министрлик бар. Эбегейсиз чоң штат мамлекеттик структураларда турат. Жапонияда кадрлар мамлекетик кызматка алынарда сынак тапшырат. Аны 20га жакын адам катуу көзөмөлдөп турат. Бизде кадрды президент сунуштайт, парламент бекитет деген түшүнүк бар. Партияга тиешеси жок бирөө премьер-министр болуп калууда», — дейт Сейтек Качкынбай.

Ал белгилегендей, кайсы бир партияга тиешеси бар, элдин колдоосуна татыктуу бирөө өкмөт башчы болушу керек.

«Бул партияга эмес ишенимге инвестиция кылат. Партияга кирип күрөшөйүн дебей кызматка дайындаган киши менен мамилесин жакшыртууга аракет кылат», — дейт Сейтек Качкынбай.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM