Биз менен байланышыңыз

Унаа токтотуучу жайлар боюнча эки долбоор каралууда

Коом | 10 Окт 2018 | 1238 | 0

Бишкек шаарындагы автоунаа токтотуучу жайлардагы ирээттүүлүктү сактоо үчүн мэрия эки долбоор сунуштап жатат. Жобо ушул айдын аягына чейин иштелип чыгып, шаардык кеңештин талкуусуна жөнөтүлөт. Ал арада Ош шаарынын мэри муниципалдык автоунаа токтотуучу жайларды акысыз кылганын айтып, аны Бишкек шаарына да алып келүү сунуштары айтылууда.

Бишкек шаарындагы автоунаалардын саны 1995-жылдары 40-45 миң болсо, бүгүнкү күндө 400 миңге жеткен. Мындан улам борбор калаада жол тыгындары пайда болуп, автоунаа токтотуучу жайларда да орун жетишпей, көчөлөргө токтоп тыгын пайда кылган учурлар көп эле кездешет. Мындан улам мэрия автоунаа токтотуучу жайлардагы иреттүүлүктү сактоо үчүн  эки долбоорду сунуштап жатат. Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиевдин айтымында, унаа токтотуучу жайлар боюнча жобо ушул айдын аягына чейин иштелип чыгып, шаардык кеңештин талкуусуна жөнөтүлөт.

Биринчи вариантта — унаа токтотуучу жайларды көчөлөр боюнча ирээтке келтирүү маселеси каралууда. Ал эми экинчиси, шаардагы транспорттук төлөмдөрдү алып, ал каражаттын баарын унаа токтотуучу жайларга жумшоо жана жеке оператор компанияны киргизүү тууралуу. 

Вице-мэрдин айтымында, шаардагы азыркы кырдаалга биринчи вариант, башкача айтканда көчөлөр боюнча ирээтке келтирүү ыкмасы туура келет.

Ал арада Ош шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайлар акысыз иштеп жатат. Мындан улам Бишкек шаарында да акысыз токтотуучу жайлар болсо дегендер бар. Тургундардын айрымдар шаардагы тыгындарды, автоунаа токтотуучу жайлардагы ирээттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды курууну сунушташат. Буга чейин эл өкүлү Акылбек Жамангулов да, Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратанын ордуна парк курбай автоунаа токтотуучу жай куруу керек деген сунушун айткан.

Жалпысынан Бишкек шаарында тыгындарды азайтуу үчүн көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруш керек. Мисалы, азыр бир канча ошондой жайлар курулууда. 

Азырынча шаардык кеңешке автоунаа токтотуучу жайлар боюнча сунуштар келе элек. Шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматов бул маселе азыркы күнгө чейин чечилбей келерин айтат. Анын маалыматында, Кубанычбек Кулматов калаанын мэри болуп турган учурда муниципалдык автоунаа токтотуучу жерлерден акы алуу токтотулган. Бир гана Шопоков көчөсүндөгү жер ижарага берилип, бирок ал жерди алган компания да талапты аткарган эмес.

 -Компания өзүнүн шарттарын аткарган жок. Андан кийин соттошуп, азыр ал компаниянын укугу жок. Башкача айтканда, азыркы күндө унаа токтотуучу жайлар боюнча суроо ачык бойдон турат. 

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын тургундары унаа токтотуучу жайлардагы башаламандыктарды айтып, социалдык тармактарга жарыялап келишкен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM